• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Автомектепти бүтүргөн 44 миңден ашык адам жол эрежесинин теориялык сынагынан өтпөй калган

Коом 0

Бишкек, 30.11.18./ Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында автомектептерде билим алган 44 миңден ашык адам жол эрежесинин сынактарынан өтпөй калган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Ведомстводон белгилегендей, былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 15 миң окуучу сынак тапшыра албай калган. Ошентип, былтыркы жылдын 9 айына салыштырганда быйыл сынактан өтпөй калгандар дээрлик 3 эсеге көп болгон.

МККдан билдиришкендей, учурда жалпы 243 автомектеп катталган болсо, алардын ичинен 153 автомектептин окуучулары теориялык жана практикалык сынактарды тапшыра алат.

Пикир

Оставить комментарий