• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты 2015-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы менен макулдашылган Транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук уюмдары, структуралык бөлүнүштөрүнүн жолдорду жана жол курулуштарын тутуу жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык ишмердигин жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу, жол курулушун жөнгө салуу системасындагы коррупциялык схемаларды алып салуу жана коррупциял ык тобокелчиликти жоюу боюнча Деталдаштырылган планынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу, андан тышкары улуттук мыйзамдарды Бажы биримдигинин «Автомобиль жолдорунун коопсуздугу» Техникалык регламентине ылайык келтирүү болуп саналат.

Бажы биримдигинин Техникалык регламентин пайдаланууда ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдардын ишмердигиндеги дискрецияны жоюуга, ошондой эле жолду куруу, пайдалануу, жолдорду жана жол объектилерин тутуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдик-техникалык системаны жана ченемдик укуктук жөнгө салуу мамилелерин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Бул техникалык регламент менен автомобиль жолдорунун коопсуздугуна жана аларды долбоорлоо, куруу, калыбына келтирүү, капиталдык оңдоп-түзөө жана пайдалануу процесстерине минималдуу зарыл болгон талаптар караштырылган.

»Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген жаңы ченем боюнча Кыргыз Өкмөтү автомобиль жолдорунун өнүгүүсүн стратегиялык пландоону, автомобиль жолдорун куруу жана кайра курууну долбоорлоонун стратегиялык пландарына киргизүүнүн тартибин жана критерийлерин бекитүүгө укук алат.

Ошондой эле, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча жумуштарды жыл сайын түзүүнүн жана бекитүүнүн тартибин орноткон ченем киргизилген. Бул ченем үстүбүздөгү каржы жылында каржылоого жаткан экономикалык негизи жок жана долбоорлоо-сметалык наркы аныкталбаган объекттерди киргизүүнү четтетүүгө, андан сырткары оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча жумуштарды пландаштыруу жана өндүрүү приоритеттерин макулдашуунун тартибин аныктоого, ошондой эле планды түзүүдөн кийинки (Титулдук тизмени) кийлигишүүнү четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону башкаруу (башкаруучулук) бир дагы ченемдик укуктук акт менен жѳнгѳ салынбайт. Ченем кирүү менен долбоорлоону этабы менен жүргүзүү иштерин, курууну жана реконструкциялоону башкаруу иштери жѳнгѳ салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он беш күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий