• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Автоунааңызды жолдун жээгине калтырбаңыз. Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0


Бишкек 15.02.22. /Кабар/. Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүүдө, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишкананын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жолдо тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагында жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды тазалап жатышат.

Ошондой эле кайгуулчулар "Тазалыктын" кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы жолдорду тазалоо иштери түнкүсүн да уланарын эскертип, карды сүрүп тазалоодо тоскоолдук жаралбашы үчүн айдоочулардан автоунааларды жол жээгине токтотпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий