• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Автоунааны уурдатып жиберүүдөн сактай турган 5 эреже

Коом 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы автоунааны уурдатып жиберүүдөн сактай турган беш жөнөкөй эреже менен бөлүштү.

Башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, бир нече оңой кеңештерди аткаруу менен сиз уурулардын капканына түшүп калуудан сактанасыз.

1. унааны уурдоого каршы жабдыктар менен жабдуу керек. Сактык сигналын ар дайым колдонуп жүрүңүз;

2. эч качан ачкычты сайылган абалда калтырбаңыз;

3. эч качан унаанын эшигин ачык калтырбоо керек;

4. баалуу буюмдарды, акча же документтерди автоунаанын ичинде калтырбай жүрүүгө аракет кылыңыз;

5. автоунааңызды түндө гаражга же акы төлөнүүчү атайын жайга токтотуңуз.

Эгерде унааңызды уурдап кетишкен болсо, анда тезинен милицияга кабар бериңиз. Кылмыш тууралуу маалымат канчалык тез жетсе, аны табуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Пикир

Оставить комментарий