• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Автоунаанын бажы алымдары боюнча жеңилдикти узартканга мүмкүнчүлүк бар – министр

Экономика 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Ташылып келген автонунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Кыргызстанда Евразия экономикалык комиссиясына кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.

Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңеште депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты:

- Берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи азыр ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода-сатыгы бир болуп калды да. Ошондуктан ар бир мамлекет өз автопаркын колдогонго багытталган. Андыктан азыр бул боюнча суроолор болуп атат. Өкмөттө да кеңешип жатабыз. Буюрса алдыга жылабыз.

Мамлекеттик бажы кызматы 9-октябрда 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБге тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Экономика министрлиги ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар экенин кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий