• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Автоунаасынын саны 17. Роналду банктык эсебиндеги акчалары тууралуу айтып берди

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду өзүнүн финансылык абалы жана автоунаалары туурасында айтып берди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Роналдунун айтымында, анын эсебинде жарым миллиард доллардай акчасы бар.

"Менин каражатым жарым миллиард долларга жетет деген чынбы? Менимче, жетет, мен буга ишенем. Жүз пайызга ишенүү менен айта албайм, бирок менин банктагы эсебимде бир топ эле акча бар", - деп Роналдунун айтканын The Sun басылмасы жазат.

Португалиялык оюнчу белгилегендей, "Роллс-Ройсе", "Бугатти", "Феррари" жана "Макларена" үлгүсүндөгү унаалары болуп, жалпысынан автоунааларынын саны 17ге жетет.

Эскерте кетсек, 34 жаштагы оюнчу мурунку жылы 117 миллион еврого "Ювентус" клубуна өткөн. Ал өткөн сезондо Италиянын биринчилигинде 31 оюн өткөрүп, 21 гол жараткан.

Пикир

Оставить комментарий