• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. 2021-2022-жылытуу мезгилине карата калк үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калк тарабынан көмүр сатып алуу график боюнча 2021-жылдын июлунан башталган. 2021-жылдын 1-октябрына карата 55,9 миң тонна көмүр даярдалды, бул жылдык пландын 45% ын түзөт.

Мэрия жарандардын жеңилдетилген категориясына акчалай компенсация төлөнөрүн, ал 4 миң 105 үй-бүлөгө 21,45 миллион сом суммасында каралганын билдирди. 3 миң 672 үй-бүлө буга чейин 18,47 миллион сом өлчөмүндө компенсация алышкан, бул 89%ды түзөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт иштеп жатат. Жакында шаардын калк жашаган аймактарында 35ке жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

- "Ак-Жол" ЖЧКсы (Мурман к. №1а), Шабыркүл көмүрү сатылууда, 1 тоннасынын баасы 4500 сом;

-"Торг-Синтез" "Кара-Жыра" ЖЧК (Мурман көч. №59а), "Кара-Жыра" көмүрү сатылууда, тоннасы 4500 сом;

- «Береке» ЖЧКсы (Мурман көчөсү №259), "Кара-Кече" көмүрү сатылууда, тоннасынын баасы - 4400 сом;

-“Беш-Сары” ЖЧКсы (Мурман көчөсү №186), шаардыктар Кара-Кече көмүрүн камдоого мүмкүнчүлүгү бар, тоннасынын баасы 4400 сом.

Октябрь районунда:

- "Торг-Синтез" ЖЧКсы ("Төкөлдөш" конушу, "Аламүдүн" станциясында) "Кара-Жыра" көмүрүн сатат, 1 тоннасы 4500 сом болот.

- Свердлов районунда:

- «Восход и К» ЖЧКсында (Достоевский көч. №1) Шабыркул көмүрүнүн тоннасын 4500 баада сатып алсаңыз болот.

Ленин районунда пункттар жайгашкан:

- Пушкин көч. №182;

- Гагарин көч. №67;

- Баррикадный көчөсү №2.

Свердлов районунда:

- "Учкун" конушу;

- Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

- "Келечек" жаңы конушу;

- "Ак-Бата"жаңы конушу.

Эскерте кетсек, көмүр саткан стационардык пункттарда катуу отундар мүшөктөрдө сатылат. Шаардыктар бир мүшөк Кара-Кече көмүрүн 200 сомдон 280 сомго чейин сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий