• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турбай, бирок муктаж болгондорго да жардам көрсөтүлөт – Солтонбекова

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Статистикага таянсак, азыркы убакта өлкө боюнча иши жок калган 1 млн 800 миң адам саналууда, биз буларга азык-түлүк жактан жардам берүүнү пландап жатабыз. Мындай үй-бүлөлөр турмуштун оор кырдаалына кабылгандар деп саналат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта жардам штабы түзүлдү. “Бүгүнкү күндө азык-түлүккө муктаж болгон жарандар же үй-бүлөлөр штабга кайрыла алат”, - деди ал.

“Белгилеп кетсеп, өлкө боюнча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат. Бирок, учурдагы жагдайды эс алсак муктаж үй-бүлөлөрдүн саны бир топ жогору. Биздин эсеп менен азыркы убакта Бишкек шаары боюнча муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны 18 миңден ашты. Дагы көйгөйлүү нерсе бул - жашаган жеринин статусу, айыл өкмөтү жок конуштарда жашап жаткан жана туруктуу жашаган жери жок адамдар бар. Азыркы убакта 1149 үй-бүлөнү каттоого алдык. Булардын тизмеси даяр, биринчи жардамдар ушул үй-бүлөлөргө берилет”, - деп айтып өттү министрдин орун басары.

Солтонбекова белгилегендей, буга чейин өкмөт тарабынан 5 миң тонна ун бөлүнүп берилген. “Ундар азыркы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ар бир облустагы каттоодо турган муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылууда. Бизде каттоодо турбай, бирок муктаждыгы бар үй-бүлөлөр дагы жардам алуу үчүн кайрыла алат. Социалдык жактан жардамга муктаж болгондор 12 27 кыска номерине кайрылса болот”, - деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий