• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн "Социалдык контракт" долбоору бүткүл өлкөгө жайылтылат

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта "Ынтымак" парламенттик фракциясынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиндеги көчмө жыйынында жакырчылыктан чыгуу боюнча калкка көмөк көрсөтүү чаралары талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, буга чейин дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен "Эмгек үчүн азык-түлүк" программасынын алкагында 1 711 долбоор ишке ашырылган.

"Бул программа аз камсыз болгон үй – бүлөлөргө өз айылында же шаарында коомдук пайдалуу иштердин ордуна тамак-аш-ун жана өсүмдүк майы менен жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул арыктарды тазалоо же жолду төшөө болушу мүмкүн. 52,7 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Азыр биз жаңы долбоорду баштап жатабыз, анын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүлөт.

Мамлекет чакан бизнести ачууга 100 миң сомду акысыз берет. Пилоттук долбоор Жумгал жана Кадамжай райондорунда ишке ашырылууда. Азыркы учурда жыйынтыктары бар – долбоордун катышуучулары жөлөкпул "үй-бүлөгө көмөк" алуучулардын тизмесинен чыгууну айтып жатышат. Биз бул тажрыйбаны бүткүл өлкөгө жайылтууну пландап жатабыз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий