• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 25 бала Ысык-Көлдө эс алат

Коом 0

Бишкек, 06.08.18 /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 25 бала 12 күндүк эс алуу үчүн Ысык-Көлдөгү "Келечек" балдар лагерине жөнөп кетишти.

Лагерь Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Балдар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын эсебинен эс алышууда. Балдарды узатуу үчүн алардын ата-энелери, туугандары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, райондун акими Ренат Айтымбетов келди.

Лагерде балдарды тарбиячылар карашат. Алар үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулат, ар кандай кызыгуулар боюнча ийримдер болот, ошондой эле программада 4 жолку тамак берүү жана көлгө түшүү бар.

Пикир

Оставить комментарий