• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары 11,4 миң тонна ун бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары 11 миң 467 тонна ун бөлүндү. Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

“Россия менен келишим түзүп, 63 миң тонна дан эгиндери, 3 миң тоннадай кумшекер, 2 миң тонна өсүмдүк майын сатып алдык. Продукциялар республиканын ар бир аймагындагы кампаларда сакталууда”, - деди Каракулов.

Каракулов 63 миң тонна дандын 62 миң тоннасы келип, 1 миң тоннанын келиши күтүлүп жатканын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий