• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы жана шекер базар баасынан төмөн сатылат

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы менен кумшекер базар баасынан төмөн сатылат. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Facebook‘тагы баракчасынан түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, учурда Россиядан 392 тонна өсүмдүк майы келди. “Ошондой эле 3 миң тонна кумшекер келиши керек болсо, анын 338 тоннасы келди”, - деди ал.

Өкмөт өсүмдүк майын жана кумшекерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө базар баасынан төмөн баада берүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий