Аз кандуулуктун белгилери жана анын түрлөрү

Дүр дүйнө 0

Аз кандуулук (анемия) — канда эритроциттердин (кызыл кан денечелеринин) жана гемоглобиндин азайышынан болгон оору. Ага көбүнчө канды көп жоготуу (катуу кармаган жана өнөкөт кан агуудан), эритроциттердин бузулушунун күчөшү (гемолиздик Аз кандуулук), кан пайда болуунун бузулушу (организмде темирдин, кээ бир витаминдин жетишсиздигинен, чучуктун жабыркашынан), ошондой эле кээ бир жугуштуу оорулар (кургак учук, дизентерия жана башкалар) себеп болот.

Организмде В12 витамини менен темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулук көп учурайт. Темир организмдин тиричилигинде чоң мааниге ээ, ал эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин составына кирет. Темирдин жетишсиздиги көбүнчө кан жоготуудан (узакка созулуп, кан көп кеткен этек кир, геморой жана башкалар) болот. Темир жетишпеген аз кандуулуктун өөрчүшүнө көп төрөө, баланы көпкө эмизүү да түрткү берет. Эгер эненин организминде темир аз болсо эмчектеги балада да аз кандуулук өнүгөт. Жаш балдардагы темир жетишпегендиктен болуучу аз кандуулук аларды туура эмес тамактандыруудан — этти аз бергенден да болот. Мындай аз кандуулук ара төрөлгөн балада болушу мүмкүн, себеби алар энеден керектүү темирди алууга үлгүрбөй калышат. Ошондой эле организминде темир жетишпеген энеден төрөлгөн кыздарда жыныстык жетилүү мезгилинде да аз кандуулук өнүгөт.

Аз кандуулуктун белгилери — канда гемоглобиндин төмөндөшү, энтигүү, жүрөктүн тез кагышы; анда эритроциттердин саны анча өзгөрбөй, гемоглобиндин сайы бир кыйла төмөндөйт. Мында оорулуу кубарып, бат чарчайт, башы ооруйт, көзү чыбырчыктап, башы айланат, чачы түшүп, тырмагы сынып, ичи өтүшү ыктымал; андай кишилер бор, аки таш жегиси келет, туздуу, өткүр тамакты жакшы көрөт. Темир жетишпеген аз кандуулуктун алдын алууда кан көп кеткен жерди өз убагында таап, аны токтотуу, туура тамактануу чоң роль ойнойт. Боюнда бар жана эмчек эмизген аялдардын тамагында эттин жетишерлик болушу эне менен баланы аз кандуулуктан сактайт. Темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулукта дарыгердин көрсөтмөсү боюнча темир дарылары менен амбулаториялык шартта узакка, такай дарылануу керек.

Организмде В12 витамини жетишсиздигинен кан пайда болуу бузулуп, канда эритроциттердин көлөмү чоңоюп, саны азаят. В12 витамини жетишсиздиктен болгон аз кандуулук көбүнчө карындын былжыр чели жабыркаган, ошондой эле мите ооруларынан жапа тарткан кишилерде жолугат. Мында аз кандуулукка мүнөздүү белгилерден тышкаркы тил ачышат, ич өтөт, күчөп кеткенде нерв системасын жабыркатат.

Аз кандуулукта элдик медицинанын жардамы менен дагы канды көтөрүүгө болот. Алсак, сабиз, кызылча жана турупту ар бирин өз алдынча туурагычтан өткөрөбүз. Алардын ширесин сыгып алып, бирдей өлчөмдө идишке куюп, оозун беке жаап коебуз. Күнүнө 3 жолу тамакка чейин 1 чоң кашыктан ичүү зарыл. Дарылануу курсу үч ай.

Итмурундун 5 чоң кашык майдаланган мөмөсүн 1 литр сууга куюп, 10 мүнөт кайнатуу керек. Кайнатманы түнкүсүн ороп коебуз. Эртеси алып чай катары каалаган учурда ичүүгө болот. Кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Бул кайнатма витаминдерге бай жана аз кандуулук, тиш оору (цинга), бөйрөк жана табарсык ооруларында, боор ооруганда кеңири колдонулат.

Күн сайын эртең менен ачкарын каймак же өсүмдүк майы менен 100 г сабиз жеп коюу дагы аз кандуулук үчүн пайдалуу.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий