• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр системасынын ишине тескери таасир этет

Ден соолук 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр системасынын ишине тескери таасир этет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адам аз кыймылдаганда жүрөк жыйрылуусунун күчү бошоңдоп, кан тамырлардын тонусу кыскарып, эмгекке болгон жөндөм төмөндөйт.

Мындай шартта, жүрөк кара күчтү талап кылган көнүгүүлөрдү баштагысындай аткара албай калат жана жүрөк-кан тамырлары серпилгичтүүлүгүн жоготот. Аз кыймылдуулуктун кесепети болуп май басуу жана атеросклероз саналат. Бул факторлордун бардыгы артериалдык гипертония, инфаркт, инсульт ооруларын пайда кылып, өмүрдүн кыскарышына алып келет.

Дайым жасалуучу жана кара күчтү талап кылуучу көнүгүүлөр:

  • Жүрөк булчуңдарындагы кан айланууну жакшыртып, артериалдык кан басымын жөнгө салат;
  • Майлардын тери алдындагы клетчатка же кан тамырларда чогулуусуна тоскоолдук кылат;
  • Стресс жана кыжырдануулардан арылтат.

“Дене көнүгүүлөрүн таза абада жумасына 3 жолу 30 мүнөттөн жасоо сунушталат. Кара күчтү талап кылуучу көнүгүүлөргө сууда сүзүү тез басуу, велосипед тебүү, бий, ошондой эле велотренажердо жана "чуркоочу жолдо" машыгуулар кирет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий