• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аз жерден утулуп кала жаздады... Акматалиев Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды.

Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды.

Кийинки чейрек финалда кыргызстандык балбан ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кетти.

Белгилей кетсек, аталган Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова да жарым финалга чыккан.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий