• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аза күтүү күнү. Бишкектеги дипкорпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары менен өкүлдөрү көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө КР президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык КР Тышкы иштер министрлигинде жана Кыргызстандын бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде КР мамлекеттик желектери түшүрүлдү жана көңүл айтуу китепчелери ачылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, китепке тиешелүү жазууларды калтырышты.

Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын жамааты кагылышуудан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

"КР Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана жамааты бир күндүк эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алышты, ошондой эле министрликтин кызматкерлери тарабынан финансылык жардам топтоо уюштурулду жана Баткен облусунун жабыркаган тургундарын колдоо үчүн гуманитардык жүк жиберүү пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий