• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Азалия" командасы футбол боюнча кыздар арасындагы Лига кубогунун жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. "Азалия" командасы футбол боюнча кыздар арасындагы Лига кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Лига кубогунун алкагында Каракол шаарынын борбордук стадионунда "Ысык-Көл – Каракол" командасы менен "Азалия" командасы оюн өткөрүп, "Азалия" атаандаштарын 0:3 эсебинде уткан.

Биринчи голду оюндун 64-мүнөтүндө "Азалиянын" оюнчусу Айжан Боронбекова киргизсе, 10-мүнөттөн кийин Бактыгүл Токтоболотова эсепти 2:0 кылган.

Кошумча убакытта Айжан Калысбек кызы үчүнчү голду киргизген.

Пикир

Оставить комментарий