• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азамат! Айпери Медет кызы U23 Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышууда. Башында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөшүп, алгач эле бутуна кирип эки упай топтой алды. Көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда дагы кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша аттуу спортчунун далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишке ээ болду.

Финалга чыкчу кармашта Айпери Медет кызы америкалык Кайли Рени Велкерди 8:0 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандан атынан чемпионатка кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанган. Экинчи балбан Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий