• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азамат! Акжол Махмудов Түркиядагы турнирде жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Champions 2018 эл аралык турниринде жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Спорттук мелдеш Стамбул (Түркия) шаарында 4-7-июль күндөрү өткөн.

Махмудов мелдештин биринчи күндөрү эки спортчуну жеңген, алгач финляндиялык балбанды (8:0), андан соң азербайжандыкты (5:2). Ал эми түркиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Андан соң Махмудов түркиялык спортчуну 16:8 эсебинде утуп, биринчи орунга ээ болгон.

Эске сала кетсек, ал бул жылы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын уткан.

Кыргызстандык спортчу мелдешке жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында катышкан.

Пикир

Оставить комментарий