• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Азамат Арапбаев: Тартип жана бийликтин катуу вертикалы болгондо гана бизде өнүгүү болот

Коом 0

6-февралда Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. Жаңы Баш мыйзам президенттик башкаруу формасынын талаптарына жооп берет, ал үчүн кыргызстандыктар январь айында өткөн референдумда добуш беришти.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Азамат Арапбаев “Кабар” агенттигине жаңы Конституция боюнча пикири менен бөлүшүп жатып, эгемендиктин бардык жылдарында көптөгөн реформалар өлкөдө бийлик вертикалын жоготууга алып келгенин айтты.

“Ар бир чиновник, өзүнүн деңгээлиндеги ар бир жетекчи белгилүү бир адамдардын тобунун колдоосуна таянып, борбордук аппаратка баш ийбеш келишти. Натыйжада президенттин жарлыктары, өкмөттүн тапшырмалары, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери иш жүзүндө аткарылган жок. Ал эми аткарылгандары өтө сапатсыз болду”,-деди эл өкүлү.

Арапбаев жаңы Конституцияны кабыл алуу менен мамлекетте бийликтин вертикалын калыбына келтирүүгө мүмкүн болот деп эсептейт. “Менин түшүнүгүмдө тартип жана бийликтин катуу вертикалы болгондо гана бизде өнүгүү болот, ошондо гана алдыга карай ылдамдык менен кетебиз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Азамат Арапбаев.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий