• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азамат Байматов КР курамасынын жеңиши тууралуу: Жеңишти бүтүндөй өлкө күтүп жаткандыгын түшүнүп жаттык

Спорт 0

Бишкек, 23.03.18. /Кабар/. “Биз бул үчүн узак убакыт бою жүрдүк, кыялдар орундалды”,-деп билдирди КР футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны Азамат Байматов КР менен Мьянманын ортосунда болгон беттеш тууралуу айтып жатып.

“Азия чемпионатында биринчи жолу финалдык бөлүгүнө чыгып отурабыз. Өзүбүзгө, бири-бирибизге ишенип, жоопкерчиликти сездик, бул жеңишти бүтүндөй өлкө күтүп жаткандыгын жакшы түшүнүп жаттык”,-деди ал.

“Бардык балдардын атынан биздин федерацияны, машыктыруучулар штабын куттуктагым келет. Айрыкча бизге ишенген күйөрмандарды. Бул тарыхый күндө биз менен болгон кыргызстандыктарга өзгөчө ырахмат! Алга, Кыргызстан”,-деп кошумчалады Байматов.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянманын курамасын жеңди. Азия – 2019 Кубогуна тандоонун алкагында оюн Түштүк Кореядагы “Инчхон” стадионунда өттү.

Бул жеңиш кыргыз курамасына футбол боюнча Азия чемпионунун финалына чыгууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстан Мьянманын курамасын 5:1 эсебинде уткан. Ислам Шамшиев оюндун 2-мүнөтүндө эсепти ачкан. Антон Землянухин 5чи жана 36-мүнөттөрдө гол киргизген. Виталий Люкс 74-мүнөттө атаандаштын дарбазасына дагы бир гол киргизген. Ал эми 87-мүнөттө бешинчити топту Бекжан Сагынбаев киргизди.

Эми КРдин курамасы тайпалык этаптагы акыркы оюнда Индиянын курамасы менен беттешет. Ал оюн 27-мартта Бишкекте өтөт.

Кыргызстандын курамасы “А” тайпасында Индия, Макао жана Мьянманын курамалары менен ойнойт. Жалпы эсеп боюнча Индиянын курамасы алдыда.

Пикир

Оставить комментарий