• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азамат Байматов малайзиялык клубга өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын коргоочусу Азамат Байматов малайзиялык клубга өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, ал Малайзиянын Биринчи лигасындагы "Куала Лумпур" клубу үчүн ойнойт. Контракт бир жылга түзүлгөн.

Байматов жаңы клубунда 7 номерде ойномокчу.

"Куала Лумпур" Суперлигадан чыгып кеткен. Эми ал жакка кайра кайтышы керек", - дейт Байматов.

Пикир

Оставить комментарий