• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азамат Байматов улуттук курамдын катарында Мьянмага каршы ойнобойт

Спорт 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Азамат Байматов Мьянманын командасына каршы оюнга катышпайт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Оюн 10-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Беттеш футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өтөт.

"Дордой" клубунун коргоочусу Азамат Байматов алган жаракатынан улам оюнга катыша албайт. Анын ордуна "Алай" клубунун оюнчусу Акрамжон Умаров талаага чыгат.

Пикир

Оставить комментарий