• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азамат! Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 09.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко атаандашы Йоанна Энджейчикти утуп, UFC чемпиону болду.

Эске сала кетсек, беттеш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү. Валентина Шевченко атаандашы польшалык Йоанна Енджейчик менен 57 килограмм салмакта күч сынашып, беш раунддун жыйынтыгы менен жеңип алды.

Шевченко Кыргызстан, Россиядагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул менин машыктыруучум, менеджерим жана менин командамдын жеңиши. Жалпы күйөрмандарыма рахмат айтам, айрыкча Кыргызстан менен Россияга салам", - деп билдирди ал беттеш аяктаган соң.

Пикир

Оставить комментарий