• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азамат Темиркулов жаратылыш ресурстары министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.06.23 /Кабар/. Азамат Темиркулов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Азамат Темиркуловду Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Сүйүнтбек Аликеев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Азамат Темиркулов буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий