• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азамат Жаманкулов кинорежиссер Болот Шамшиев менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Кечээ, 16 – ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ССРДин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Жаманкулов кыргыз киносунун кереметине негиз салуучулардын бири Болот Шамшиевдин өзгөчө сиңирген эмгегин баса белгилеп, терең ыраазычылык билдирген.

“Кыргыз киносу бүгүнкү күндө сиздей корифейлерге муктаж. Акыркы кездерде кино тармагы бир катар ийгиликтерди жаратып, кыргыз киносунун керемети менен дүйнөнү багынтууга аракет жасап жатат. Ал эми ошол жетишкендиктердин көч башында сиз турасыз. Жакынкы арада сиздин башыңыздан өткөн окуяга жалпы маданият жана искусство кызматкерлери кайдыгер карап тура албаганын баса белгилеп, ССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Б. Шамшиевге жалпы маданият жана искусство кызматкерлеринин атынан акчалай материалдык жактан колдоо тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүү учурунда Шамшиев келечекте кандай иш – пландары бар экендигин айтып, маданият тармагына бир катар теле долбоорлорун сунуштады.

Эскерте кетсек, 2018 – жылдын 8-ноябрь күнү кечинде Шамшиев жашаган үйдүн короосунда токтотулган автоунаа уурдалган. Кийинчерээк автоунаа Чүй облусунун Молдовановка айылында өрттөнгөн абалда табылган.

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 77 жашта. Ал тарткан "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмалары бүгүнкү күнгө чейин эфирден берилип келет.

Пикир

Оставить комментарий