• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азамат Жаманкулов Чүй облусунун Кемин, Ысык- Ата, Чүй жана Аламүдүн райондорун кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Кечээ, 3-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жумушчу сапары менен Кемин, Ысык- Ата, Чүй жана Аламүдүн райондорундагы маданият, маалымат жана спорт мекемелеринде иштеген кызматкерлер менен баарлашуу жана алардан кабар алуу үчүн кыдырды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай кадам министрлер кабинетинин “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында уюштурулду.

Анда министр аталган райондордогу мекеме жетекчилери жана катардагы кызматкерлердин айлык маянасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу суроолорго жакындан түшүндүрүп берүүнү көздөдү.

Азамат Жаманкулов өз кезегинде мамлекет маданият адамдарына болгон камкор мамиле жана стимул берүүчү иштерди жасап жатканын жана ал үзгүлтүксүз улана турганын белгиледи.

Мындан сырткары, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта республика боюнча маданият тармагынын китепкана, музей, театралдык оюн-зоок мекемелери, кинематография, музыкалык окуу жайлар, маданият үйлөрү, маалымат жана спорт тармагынын айлыктары үчүн эмгек акыны эсептөөнүн жаңы формасы иштелип чыгып, баштапкы сумма 7 040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка жана ал суммага ар бир кызмат үчүн эселүүлүк коэффициенти колдонулуп, кызматтык маянасы чегерилерин баса белгиледи.

Ошондой эле министрлер кабинети тарабынан токтом кабыл алынып, мекемелер иштеп тапкан жана башка булактардан келип түшкөн атайын каражаттар кызматчыларга материалдык жардам берүүгө, керектүү материалдык техникалык базаны чыңдоого жана максаттуу пайдалануу үчүн мекемеде калтырылып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, бул көтөрүлгөн айлыктан тышкары, ведомстволук мекемелерде өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 30 пайызга чейинки өлчөмдө акча каражаты төлөп берүүгө жол ачылганын кабарлады.

Өз кезегинде кызматкерлер апрель айынын аягында көбөйтүлгөн айлык акыны алгандыктарын кубануу менен билдирип, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ыраазылыктарын билдиришти. Алынган маалымат боюнча Чүй облусундагы эң көп айлык маяна алган кызматкердин акчасы 80 миң болгону маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий