• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азамат Жаманкулов ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. 19-21- май күндөрү КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ташкенте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт боюнча министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы илдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар достук жана өз ара түшүнүшүү менен заманбап шарттарда спортту өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин, спорттук инвентарларды, кийим-кечелерди жана шаймандарды биргелешип чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, ШКУ мейкиндигинде улуттук жана этникалык спорттун түрлөрүн жайылтуу, эл аралык спорттук туризмди колдоо маселеси талкуулашты.

Муну менен катар калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу, өсүп келе жаткан муундун өкүлдөрүн спортко тартуу боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелери жана милдеттери сөз болду.

Жолугушууда спорт жаатында, тактап айтканда, Кытайдын Куньмин шаарында Кыргызстандын Чолпон- Ата шаарында ШКУнун марафондорунун үзгүлтүксүз жана жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын баса белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин спорт министрлеринин кезектеги жыйынын 2023-жылы Индия Республикасында өткөрүү макуулдашылып, жлугушуунун конкреттүү датасы жана орду ШКУнун катчылыгы аркылуу дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берилери айтылды.

Белгилей кетсек, Азамат Жаманкулов иш сапардын алкагында жыйындан сырткары Өзбекстандын спортту өнүктүрүү министри Адхам Икрамов менен жолугушту.

Тараптар массалык спортту өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди, ошондой эле дүйнөнүн спорт ареналарында жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий