• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Азамат Жаманкулов театрларда жүрүп жаткан оңдоо иштеринен кабар алды

Маданият 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кечээ, 26-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры жана Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрында жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышып чыкты, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматынан.

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери өз нугунда жүрүп жатат. Учурда театрдын имаратынын чатырын жабуу процесси жүрүүдө. Ал эми, театрдын сырткы эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштыруу, жылуулук берүү системаларын орнотуу, гримдөө бөлмөлөрүн оңдоп-түзөө иштери бүткөндүгү, ошондой эле, отургучтар алынгандыгы жана жарык берүү системалары, желдетүү жабдуулары орнотулгандыгына министр күбө болду.

Ошондой эле министр Азамат Жаманкулов Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында болуп, жасалып жаткан иш- аракеттер менен бирге, зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу жана ремонт иштеринин процессин тез арада чечүү маселесин театр жетекчлиги менен талкуулады.

Жыйынтыгында, театрдын оңдоо иштерин сапаттуу жасоо жана зарыл болгон учурда тиешелүү аракеттерди көрүү тапшырмасын театр жетекчилерине берди.

Оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар министрлик тарабынан этап менен берилип турат.

Пикир

Оставить комментарий