• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азамат Жаманкулов ТТМКК башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 01.10.09. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыy талкуулашып, аны негиздөө жана уюштуруп өткөрүүдө Кыргызстандын буга чейинки тажрыйбасын белгилешти.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Багдад Амреев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамзат тарыхында бабалар мурасын жана маданиятын сактап калуу максатын көздөгөн ири долбоор экенин баса белгилеп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши ар дайым коолдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий