• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашырат

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар жаштар багытында кызматташуу тууралуу бир катар долбоорлорду талкуулап, аны биргеликте ишке ашыруу жолдору жана келечекте жасала турган демилгелер тууралуу макулдашуу болду.

Азамат Жаманкулов Кристин Жольмго ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иш-аракеттери жөнүндө кабары бар экендигин айтып, жаштарды активдүү жашоого жана интеллектуалдык жактан калыптануусуна өбөлгө түзүп жаткан эл аралык платформа экендигин баса белгилеп, кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезинде Кристин Жольм жаштар багыты боюнча буга чейин пландалган иш-чараларды улантууну көздөп жатканын билдирип, ЮНИСЕФтин программасы балдарга жана жаштарга ден соолук, тамактануу, эмдөө, балдарды эрте өнүктүрүү жана билим берүү социалдык коргоого багытталгандыгына токтолуп, өкмөт жана жарандык коом менен өнөктөштүктө иш алып барып жатканына токтолду.

Жыйынтыгында Маданият министрлиги жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү демилгелүү жаштардын аракеттерине колдоо көрсөтө турган бир катар долбоорлордуишке ашырууну, коммуникация иштерин бирге алып барууну жана аймактардагы ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлорду биргеликте алып барууга макулдашышты.

Жолугушууга ЮНИСЕФтин КРдагы Балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Сильви Хилл дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий