• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Азамат Жаналиев мык жана жиптен Мирзиеевдин сүрөтүн тартты

Коом 0

Бишкек, 20.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Сүрөтчү Азамат Жаналиев стринг-арт техникасы менен мык жана жиптен сүрөт жасап, ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин сүрөтүн түшүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымында, картина дээрлик бүтүп калды. Эми аны президентке берүү гана калган.

Буга чейин Азамат Жаналиев атактуу инсандар Чыңгыз Айтматов, Ахмат-Хаджи Кадыров, Владимир Путин, Петр I, БАЭ шейхтерин, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын сүрөттөрүн тарткан.

Пикир

Оставить комментарий