• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азаматтар! Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде жеңип алды

Спорт 0


Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен оюн өткөрдү.

Оюн 7:0 эсебинде Кыргызстандык футболчулардын пайдасына жыйынтыкталды.

Беттештин 1-бөлүгүндө Ак шумкарлар 5 гол киргизгенге жетишти. 2-бөлүктө дагы 2 гол кирди.

Оюнда Эдгар Бернхардт 3 гол жаратты. Дагы ошондой эле, Алимардон Шукуров 2 гол, Гулжигит Алыкулов, Валерий Кичин да каршылашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Кыргызстандын курамасы F тайпасына туш болгон. Ал тайпада Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япониянын курама командалары бар.

Эскерте кетсек, мурунку оюнда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадиондо өткөн.

Пикир

Оставить комментарий