• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азат Үсөналиев бокс боюнча эл аралык мелдештин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиев "Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу" эл аралык мелдешинин финалына чыкты.

Мелдеш Россиянын Белоярск шаарында өтүүдө.

Үсөналиев 52 килограмм салмакта күч сынашууда. Мелдештин жарым финалында ал, россиялык Расул Жаевди калыстардын чечими менен утуп чыккан.

Кыргызстандык боксчу биринчи орун үчүн эквадорлук Луис Дельгадо менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий