• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысына "эч жакка чыкпай отур" деп эскертишти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова кайрадан коркутуп-үркүтүүгө кабылды. Ашхабадда жашаган 68 жаштагы журналисттин айтымында, белгисиз кишилер андан үйүнөн чыкпоону жана эч нерсени сүрөткө тартпоону талап кылышкан.

Солтан Ачилова маалымдагандай, 14-ноябрда кара түстөгү унаа аны Ашхабаддагы АКШнын элчилигине чейин ээрчип барган. Журналист шаардагы дүкөндөрдүн биринде тамак-аш майы үчүн кезекке турган элдерди тартып баштаганда аны ээрчип келген кишилердин бири жолтоо болуп, орой мамиле жасаган.

"Ал таш алып башыңды жара чабам, эгер колуңа дагы бир жолу фотоаппарат алсаң, аны өзүң менен кошо талкалап салам деп коркутту", – деди Ачилова.

Анын айтымында, кол салган киши “үйүңө бар, эч жакка чыкпай отур, чыксаң өлөсүң” деген. Андан соң кара түстөгү унаа анын батирине чейин ээрчип келген.

2016-жылы Солтан Ачиловага үч жолу сес көрсөтүшүп, сабап кетишкен.

Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму октябрда Солтан Ачилованы куугунтуктоону айыптаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий