• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азербайжан Бишкекке парк жана мектеп куруп берет

Коом 0

Бишкек, 08.03.19 /Кабар/. Азербайжан Бишкекке Гейдар Алиев атындагы парк жана мектеп куруп берет. Тиешелүү меморандумга мэр Азиз Суракматов менен Азербайжандын элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджев кол койду.

Меморандумга ылайык, паркты курууга Бишкек мэриясы А.Токомбаев көчөсүндө 5,5 гектар участок бөлүп берет.

Ал эми 550 окуучуга эсептелген мектеп Көк Жар конушунда орун алат.

Мэрия архитектуралык жана инженердик проекттерин даярдоодо жардам берет. Каражаттын баарын Азербайджан тарап бөлөт.

Пикир

Оставить комментарий