• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азербайжан Бишкекте мектеп менен сейил бак курат

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 7-март күнү курулуш тармагындагы кызматташунун алкагында Бишкек шаарында орто мектеп салуу жана Гейдар Алиев атындагы сейил багын отургузуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу муниципалеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган документке калаа башчысы Азиз Суракматов жана Азербайжандын КРдагы элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджев кол коюшту.

Ага ылайык, мэрия тарабынан Г.Алиев атындагы сейил багын отургузуу үчүн А.Токомбаев көчөсүн бойлой 5,5 га жер тилкеси убактылуу колдонууга акысыз негизде берилет.

Ошондой эле муниципалитет «Көк-Жар» конушундагы Молдокулов жана Куйручук көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2,24 га жер тилкеси 550 орундук орто мектепти салууга убактылуу колдонууга акысыз негизде элчиликке берет.

Курулуштун архитектордук-пландык шарттары (АПУ) жана инженердик-техникалык шарттары (ИТУ) боюнча долбоорду иштеп чыгуучулар менен биргеликте бардык инстанцияларда макулдашуу, долбоорду мамлекеттик экспертизадан өткөрүү, мыйзамга ылайык курулуш иштерине уруксат документтерин каттоодо мэрия тарабынан көмөк көрсөтүлөт. Объекттердин курулушу Азербайжан Республикасы тарабынын жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий