• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азербайжан, Иран жана Орусия биргелешкен энергетикалык коридор түзөт

Дүйнө 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Азербайжандын экономика министри Шахин Мустафаев Иран, Орусия жана Азербайжан биргелешкен энергетикалык коридор түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышкандыгын билдирди.

Бул тууралуу Trend агенттиги маалымдады.

“Биз Иран менен энергетика тармагында ийгиликтүү кызматташып келебиз жана бул эки тараптуу кызматташтыктан "Орусия , Иран жана Азербайжан" - үч тараптуу кызматташтыгына өтүүдөбүз”, – деди Шахин Мустафаев билдирүүсүндө.

Ошондой эле ал Азербайжан менен Иран Каспий деңизинде мунай жана газ өндүрүү тармагында дагы кызматташарын кошумчалады.

Өткөн жылдын ноябрь айында Орусиянын "Газпром" менен Ирандын улуттук компаниясы (NIOC) Иран аймагында жаратылыш газын ташуу жана өндүрүүнүн бирдиктүү системасынын концепциясын иштеп чыгууга ниет кылып жатышканы жарыяланган эле.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий