• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азербайжан/Кыргызстан: КР курамасынын оюнчулары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Азербайжандын курамасына каршы ойной турган оюнчулардын тизмеси аныкталды. Тизмеде 23 футболчу бар.

Кыргызстан менен Азербайжандын курамаларынын ортосундагы оюн үстүбүздөгү жылдын 29-майында Баку шаарынын «Олимп» оюн талаасында өтөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Эске сала кетчек, Кыргызстан жана Азербайжан курама командалык деңгээлде эки жолу ойношкон. 2007-жылы кыргыз футболисттери 1:0 эсеби менен утулса, 2013-жылы оюн нөлдүк эсеп менен аяктаган.

Команданын окуу жана машыгуу курамасы Баку шаарында 22нен 30-майга чейин өтөт.

Дарбазачылар:

Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий (экөө тең –“Дордой” ФК), Акималиев Калыс (“Абдыш-Ата” ФК).

Коргоочулар:

Шератов Курсанбек, Козубаев Тамирлан, Дуйшобеков Бахтияр, Салиев Аскарбек, Откеев Авазбек, Юсупов Мустафа (баары–“Дордой” ФК), Маныбеков Аманбек (“Абдыш-Ата” ФК), Шакиров Шерзот (“Нефтчи” ФК).

Жарым коргоочулар:

Сидоренко Павел, Сыдыков Азиз, Шамшиев Ислам, Ахмедов Муролимжон, Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан (баары –“Дордой” ФК), Абдурахманов Одилжон (“Алай” ФК ), Мусабеков Фархат (“Илбирс” ФК), Шукуров Алимардон (“Абдыш-Ата” ФК), Рустамов Турсунали (“Алга” ФК).

Чабуулчулар:

Мурзаев Мирлан (ФК “Сомаспор”, Турция), Левченко Роман (ФК “Торпедо”, Шадринск, Россия).

Пикир

Оставить комментарий