• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азербайжан Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын бермей болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ушул жылдын 1-3-июль аралыгында Азербайжанга расмий иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу, андан тышкары, коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында Азербайжан гуманитардык жардам катары Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда тараптар вакцинаны Кыргызстанга алып келүүдөгү бардык сактоо шарттарын жана талаптарын камсыздоо менен логистика маселелеринин үстүндө иш алып барышууда.

"Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы кайтарымсыз негизде вакцина бергендиги үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирет. Бул 20 миң кыргызстандыктын жашоосун жана коопсуздугун камсыздайт", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий