• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азербайжан президентинин кызы Лейла Алиева: Ысык–Көлгө бир арзуу

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Калем кармап, көркөм сөзгө көңүлү жакындардын ичинен Ысык–Көлгө эң кеминде эки сап ыр арнабаган ким калды? Дээрлик эч ким калган жок го. Арабыздан абдан эрте кетип калган акын жана адабиятчы Аман Токтогулов айткандай, Ысык-Көлдүн касиетине там берип, жок дегенде эки ооз ыр жамактап, “Мен деле көлдүн көркүн жазайын деп, Белчемден сууга кирип турган элем» дечүлөр толтура.

Ошондой болгон күндө да Ысык-Көлдүн өзгөчө бир касиети, ичине каткан купуя сыры, бирде күү-шаа этип күркүрөп, бирде сырын ичине каткан сулуудай узакка мелтирегени ар качандан бир качан акындарга илхам, сезимтал инсандарга эргүү, дем, шык берип келет эмеспи. Ошол кырмызы кыргыз көлүнө ак дилинен арзып, айтарга сөз таппай ашык болгон инсандардын дагы бири Лейла Алиева болду окшойт. Азери туугандардын эң эле атактуу үй-бүлөсүнөн чыккан, кадимки Гейдар Алиевдин небереси, Илхом жана Мехрибан Алиевдердин тун кызы, «Баку» деп аталган англис тилинде чыккан глянец журналынын түзүүчүсү жана редактору Лейла ханум быйыл Ысык-Көлгө келди. Келип, көгүлтүр сулуунун көркүн өз көзү менен көрдү. Акындык ышкысы кайрадан козголуп, агынан жарылды, кыргыз көлүнүн кереметине арнап бир сабак ыр жазды.

О, Ысык-Көл, ачаар белем сырыңды!

Табаар берем сага арнаган ырымды...

дейт Лейла Алиева, кыргыз көлүнүн суйкайган сулуулугуна чын ниетинен там берип.

Лейла ханумдун ыры—арзуунун ыры. Ашыглыктын ыры. Терминдин тили менен айтсакода. Көлдүн менменсине мелтиреген ички сырын, тереңине каткан энергетикасын, көргөндүн көзүн талдырган сулуулугун аңдап-таануунун астейдил аракети.

Кандай сонун сенде уюган жымжырттык!

Андан сонун ушул сырдуу тымтырсттык...

Ушул тыным жалгыздыкты сездирет,

Учкан тыным кээде жашты кылгыртып...

дейт дүйнөнүн нечен кооз жерлерди кыдырып, кадимки Каспийдин (Хазар деңизинин) жээгинде өсүп-чоңойгон, бирок Ысык-Көлгө жан дили менен куштарланып, ар бир ирмеминен бейиштин төрүн көргөн азербайжан кызы.

Орустун улуу жазуучусу Достоевский айтып кеткен тура: «Дүйнөнүн нака түркүгү—сулуулук» деп. Лейла Ильхомовна Алиева одасында ошол ойду кыйыр түрдө болсо да бекемдей кетиптир.

Айтса-айтпаса адамзатты ар кандай азгырыктан сактаган, пастыктан бийиктикке чакырган, идеалга умтулткан дал ошол көз тайгылткан көркөмдүк, аруулук, пакизалык, гармония го…

Ошону менен бирге Лейла ханумдун калемине ышкы, эргүүсүнө эч бир азайбаган энергия каалап кеткибиз келет. Лейла ханум аркылуу кандаш жана жандаш азери калкына ар дайым ачык асман, ак жол, аман-эсенчилик тилей кетсек туура болот го.

«Сырга—сыр, сыр аякка--бал» -- дейт эмеспи элибизде. Анын сыңары «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо коомдук Фондунун» өтүнүчү менен Лейла-ханумдун кыргыз деңизине арнаган ырын ак ниетим менен кыргызчага оодардым.

Эмне дейбиз? Кут болсун дагы бир арзуу ыры.

Осмонакун Ибраимов,

Профессор, филология илимдеринин доктору,

КРдын Экс-мамлекеттик катчысы, элчи

Лейла Алиева: Ысык–Көлгө бир арзуу

О, Ысык–Көл, мемиреген тунук көл!

Кыял сымал, сүйүү сымал ыйык көл!

Турам карап толкунуңа сермелип,

Жаннаттайсың жан эргиткен жайык көл!

Көңүл чөксө көккө ыргытчу күчүң бар,

Алдан тайсаң кубат берчу сырың бар,

Көкө теңир ыйман берсин баарына,

Достук берсин кебелбечү кылымдар!

Кандай сонун сенде уюган жымжырттык!

Андан сонун ушул сырдуу тымтырсттык...

Ушул тыным жалгыздыкты сездирет,

Ушул тыным кээде жашты кылгыртып...

Бул ирмемде сөз да сүйлөш ашыктай.

Сөнгүң келет сырга тунуп, ашыкпай.

Алгың келет ай-ааламды кучактап,

Жангың келет жарын көргөн ашыктай.

О, Ысык-Көл, ачаар белем сырыңды!

Табаар берем сага арнаган ырымды...

Ооба, менин кош көзүмдө арман бар,

Бирок, Аллам, аяй көрбө жылууңду!

Биз – адамбыз. Бүт баарыбыз -- пендебиз,

Ким болбойлу, көктө эмеспиз, элдебиз.

Буйрук экен, ушул жаткан керемет --

Ысык-Көлдөй, ыйык көлдөй жердебиз.

Ырас, эч ким өмүр сырын ача албас,

Ырыскысын ысыраптап чача албас.

Бирок эч ким ыр сабыма чегилген

Өмүр сырын, сүйүү сырын ката албас...

Которгон О. Ибраимов

Пикир

Оставить комментарий