• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азербайжанда 75 адам үйлөнүү үлпөт тоюнда тамакка ууланган

Дүйнө 0

Бишкек, 6.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Азербайжандын Габале шаарындагы үйлөнүү үлпөт тоюнда 75 адам тамактан ууланып ооруканага кайрылган. Бул тууралуу шейшемби күнү Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Ооруканага кайрылгандардын 16сы аялдар, 7си балдар, калгандары эркек кишилер. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ооруканада 2 адам жатат", - деп жазылат маалыматта.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, Укук коргоо органдарына жана Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу агенттигине окуя тууралуу маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий