Азербайжанда башкаруучу партия жеңишке жетишкенин жарыялады

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Президент Илхам Алиев башында турган бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялады. Экзит-поллдордун жыйынтыгына караганда, партия парламенттеги 125 орундун 71ин алды.

Жекшембиде жарандардын 48% добуш берип, бул мурдагы шайлоолордон төмөн көрсөткүч болду.

Азербайжандагы шайлоого эл аралык байкоочулар көз салып турду. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун байкоочуларынын пикиринде, парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду. Бул расмий жыйынтыктын тактыгынан шек туудурат. Уюм Азербайжанда шайлоого бир нече талапкер катышканына карабай, чыныгы атаандаштык болгон жок деп эсептейт.

Шайлоого 20 саясий партиянын талапкерлери катышты. Ошол эле маалда бир катар партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан.

Оппозиция өкүлдөрү добуш берүүдө бюллетендер топтому менен ташталып, «карусель» ыкмасы колдонулганын айтып чыгышты.

«Демократиялык демилгелер институту» шайлоо тилкерлеринде көз карандысыз байкоочуларга кысым өтө көп болгонун белгиледи.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү 2019-жылы декабрда «Жаңы Азербайжан» партиясы демилгелеген. Сунушту президент Илхам Алиев колдогон.

Пикир

Оставить комментарий