• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралга белгиленди

Дүйнө 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5-декабрда парламентти (Милли Межлистин) таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өтөрүн жарыялады.

Бир нече күн мурда парламент өзүн өзү таркаткан. Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин Милли Межлистин «жаңылануусу» менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде, оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши буга каршы чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Алиевдердин үй-бүлөсүнүн бийлигин дагы бекемдей турганын билдирген.

Быйыл октябрда өлкөнүн премьер-министри Новруз Мамедов кызматтан кетип, анын ордуна Алиевдин экономикалык маселелер боюнча жардамчысы Али Асадов дайындалган. Анда бийлик өкмөт башчы «реформалардын» алкагында алмаштырылганын билдирген. Мындан тышкары президенттик администрацияда да бир катар кыскартуулар болуп, бир нече бөлүмдүн башчысы алмашкан.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан. Илхам Алиев 10 миллиондой эли бар Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий