• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Азербайжандык байкоочу Кыргызстандагы шайлоонун таза өтүп жатканын белгиледи

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыкты уюштурулган. Бул тууралуу Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Ровзат Гасимов билдирди.

Анын айтымында, Азербайжандан келген эл аралык байкоочулар 20 шайлоо участкасына байкоо жүргүздү. "Биз барган шайлоо участкалары жакшы уюштурулуп, бардык процедуралар сакталгандыктан шайлоо жакшы даярдалгандыгын баса белгилеп кеткибиз келет. Шайлоо процесси ачык өтүп, ага партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын байкоочулары катышты", - дейт ал.

Гасимов участкалык шайлоо комиссиялары мыкты даярдыктан өткөнүн белгилеп кетти. "Учурдан пайдаланып, өнөктөш болгон Кыргызстандын БШКсынын мүчөлөрүн жогорку деңгээлдеги даярдык иштери менен куттуктайм", - деп Гасимов ыраазычылыгын билдирди.

Ошол эле учурда азербайжандык байкоочу Кыргызстандын шайлоо процессинде заманбап технологияларды колдонууда ачык-айкын жылыштар бар экендигин белгиледи. "Биз күндүн аягына чейин шайлоо процесси жана добуштарды саноо дагы ушундай жол менен жүрүп, Кыргызстанда таза жана акыйкат шайлоого күбө болобуз деп терең ишенебиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий