• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азербайжандын Хазар университети окууга кабыл алууга сынак жарыялайт

Билим 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Азербайжан Республикасынын жеке менчик Хазар университети бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча окутууга эл аралык стипендиялык программанын алкагында сынак жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Хазар университетинде окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Чет элдик студенттер эл аралык стипендиялык программага билдирме жиберсе болот. Бул программа окутуу акысын толук бойдон төлөйт, бирок унаа жана жашоо үчүн чыгымдарын жаппайт.

Документтердин англис тилиндеги электрондук пакетин international@khazar.org дарегине 2017-жылдын 15-апрелине чейин жөнөтүү керек.

Билдирменин формасы жана катышуунун шарттары менен университеттин international@khazar.org сайтында же http://www.khazar.org/en/menus/497/khazar_university_international_scholarship_program_sup_style_ шилтемеси аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий