• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасында болуп, Азербайжан Армиясынын 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн аскер парадына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – республиканын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдеттерин аткаруучу Ремиз Мехтиев менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташтык маселелери жана Азербайжан Президентинин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапары талкууланды.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда эл аралык терроризм, экстремизм көрүнүштөрүнө, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алмашуу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий