• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азербайжандын президенти расмий визит менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Баку, 15.10.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Ильхам Алиевдин жолугушуусу жемиштүү өттү. Бул тууралуу журналисттерге КР президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтуусунда, Азербайжандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга расмий визит менен келип кетүү боюнча чакыруусун кабыл алган, визит 2020-жылдын экинчи жарымында пландалууда.

Сыдыков маалымдагандай, Алиевдин атынан Кыргызстанда мектеп жана бала бакча курулуп, ачылыш аземи анын расмий визитинин алкагында өтмөкчү. Азербайжандын эсебинен Көк-Жар жаңы конушуна Гейдар Алиев атындагы мектеп салынат. Мектеп 550 орунга ылайыкташтырылган.

Ошондой эле Сыдыков кошумчалагандай, Жээнбеков менен Алиев кызматташтыктын бардык мүмкүн болгон жолдорун иштеп чыгуу үчүн тиешелүү органдарга тапшырма беришкен.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарында (Азербайжан) өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) жетинчи жыйынына катышты. ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжанга өттү. Саммиттин аягында бир катар документтерге кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий