• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бул майрам адамзаттын элдерибиздин маданиятына кошкон баалуу салымы, ошондой эле аруулуктун жана сулуулуктун символу болуп саналат. Нооруз адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана биримдикти даңазалайт. Элдерибиздин эрки менен биз мындан ары да азербайжан-кыргыз достугун жана өнөктөштүгүн сактоо жана чыңдоо үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшай турганыбызга ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт, ишмердигине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий