• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ажылык-2018: Кыргызстандык зыяратчылар алгачкы ибадаттарын башташты

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык зыяратчылар Медина шаарындагы мейманканаларга жайгашышып, алгачкы ибадаттарын башташты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Медина шаарында ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү болочок ажыларга кызмат көрсөтүшүп, ажылык ибадаттары боюнча уюштурулуп жаткан сабактарга активдүү катышууга чакырышууда.

«Болочок ажыларыбыз мейманканаларга жайгашып жатышат. Мекендештерибиздин маанайлары абдан жакшы. Учурда ажыларыбызга 2 маал ысык тамак берилип жатат», - деди Медина шаарындагы штаб мүчөлөрү.

Эскерте кетсек, бүгүн 26-июлда эртең менен Кыргызстандык ажылардын 2чи тобу өздөрүнүн ажылык милдеттерин аткаруу үчүн Медина шаарына учуп кетишкен.

Ал эми бүгүн кечки саат 21:20да зыяратчылардын 3чү тобу Медина шаарына сапар тартышат.

Пикир

Оставить комментарий